ЖҮРӨКТҮ ШУУЛДАТУУ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Катуу коркутуу, үрөйүн алуу, үрөйдү учуруу.Эңкөө далылуу кара неме кара аттын үстүндө ого бетер жалаңкыч кебетеленип жүрөктү шуулдатат (Осмоналиев).
ЖҮРӨКТҮ ШУУЛДАТУУ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Катуу коркутуу, үрөйүн алуу, үрөйдү учуруу. Эңкөө далылуу кара неме кара аттын үстүндө ого бетер жалаңкыч кебетеленип жүрөктү шуулдатат (Осмоналиев). В.: Жүрөктү шуу эттирүү. Түрү суук караңгылык жүрөктү шуу эттирди (Жусупов).